Индонезиянын Анак-Кракатау аралында жайгашкан жанар тоо ойгонду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жанар тоо 10-апрелде ойгоно баштаган, андан чыккан күл 200 метр бийиктикке көтөрүлгөн. Көп өтпөй дагы бир жарылуу болуп, анын бийиктиги 500 метрге жеткен. Мындан сырткары жанар тоодон жарым сааттан ашык лава (эриген минералдык масса) атып турган.
"Natiоnal Geographic" жанар тоонун жарылуусунан эч ким жабыр тартпаганын жана кыйроолор болбогонун билдирген.