“Кумтөр” ишканасынан 3 миллион доллар талап кылган" деп айыпталып жаткандардын экинчиси Эрмек Жунушбаев да кармалып, түндө сурактан кийин коё берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Айта кетсек, 29-августта Ысык-Көл ИИББи айыпталуучу Бактияр Курмановду кармаган. Ал түндө Каракол шаарындагы СИЗОдо болду. Бүгүн, 30-августта эртең менен УКМКнын облустагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.