Тажикстандын президентинин сүрөтү бир жылдан бери жашоочуларга "күн" көрсөтпөй жатат (видео)

Тажикстандын Худжанд шаарында президент Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн баннер көп кабаттуу үйгө илинип, андагы жашоочулардын терезесин тосуп турганына бир жыл болгонун тажик басылмалары жазышууда.

Маалыматта аталган банер 5 батирдин терезесин жаап тургандыктан, жашоочулар үйлөрүнө күн нуру менен таза аба кирбей калганын айтышканы жазылат.

"Алгач бул баннер илинип жатканда жергиликтүү жетекчилер, сүрөт 2 апта ичинде кайра алынарын айтышкан. Бирок бизге ыңгайсыздык жаратып жаткан президенттин сүрөтүн бир жылдан бери эч ким ала элек. Батирлерибизге жарык кирбей калды жана андан тышкары химикаттын жыты келет. Анын жыты биздин ден соолугубузга таасирин берип жатат. Биздин маселе боюнча мэрияга кайрылганбыз, азырынча ал тараптан эч кандай реакция боло элек", - деген турак үйдүн жашоочусу.

Бир жылдан бери күн нуру кирбеген батирдин ээлери, президенттин сүрөтүн алып салууну суранышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
KalenAlmaz
2020-04-15 00:26:51
Бизде болгондо еки саатта чыгарып туруп айылга апарып кой кашаа тосуп алмакпыз))
+54
Jeltelmen.99
2020-04-15 00:32:39
Бул ХХХХ өлмөйүнчө тажик эле кутулбайт кыргыз тажик чек арасы да чечилбейт
+31
mela
2020-04-15 01:22:45
Кудайга шугур,онукпосок да,революциянын арты менен демократия олкодо жашайбыз.Бизде илдиришпейт да болчу жашоочулар.
+33
KG.Kushtarbek
2020-04-15 04:37:59
mela,эээээуууу биз тажиктерден ойдобуз еконмика боюнча
+7
xnurgul_gul
2020-04-15 11:12:14
KG.Kushtarbek,Ошол тенине албаган Тажиктер, 2012 жылы эле экономикасы отуп онугуп кеткен. Африканын 27 олкосунон артта калганбыз.Мен дагын сендей ойлойт элем бирок тилеке каршы бул ачуу чындык
-3
mela
2020-04-15 21:12:55
KG.Kushtarbek,тажик мамлкекети бай,эли жакыр.
0
talas0707
2020-04-15 01:34:59
Отого?
+2
fora
2020-04-15 04:02:59
Козун кечип ошол жерден форточку чыгарып алмак бизде болсо
+22
nurhan2702
2020-04-15 16:57:03
fora,боорду эздин го,ха-ха
+1
algakaray
2020-04-15 06:18:15
Мал сарайдын терезин да минтип жаппайбыз да биз.Мал болсо да кун корсун, батыраак семирсин деп. Эмамоли Рахмон эмей эле бул Эмнеболгон Рахмон турбайбы.
+18
bond0202
2020-04-15 06:48:22
тажиктерге ушул керек.дагы чонураак кылбаптыр да суротту
+6
rususu
2020-04-15 08:28:24
Тажиктер ХХХХХ,мерияга кайрылбай оздоруле алып салышпайбы,дагы бир жылдан бери турат имиш.
+10
mela
2020-04-15 21:08:42
rususu, президенттин суроту бар гезитти да туалетке ыргытса,жоопко тартылат.
0
bond02
2020-04-15 09:12:25
Элине жараша башчысы.
+10
admin_portal
2020-04-15 10:54:55
rususu, Jeltelmen.99, коомдук адепти сактагыла. Акыркы эскертүү!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан