Жети-Өгүз: Саруу айылында түнкүсүн абал туруктуу болду
Жети-Өгүз районунун Саруу айылында түнкүсүн абал туруктуу болду. "Эч кандай адаттан тыш көрүнүштөр орун алган жок",- деп билдирди аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова. "Кумтөрдөн" акча талап кылды" деп айыпталгандардын бири Бактияр Курманов түндө кармалды. Буга байланыштуу саат 11:30 чамасында жергиликтүү тургундар топтолуп баштап, кайра таркап кетишти. Учурда абал туруктуу.