Кытайда 26 жыл башындагы 10 сантиметрлүү бычак менен жашаган адамга операция жасалды

Кытайда 26 жыл бою башында 10 сантиметрлик бычактын мизи менен жүргөн жаранга операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

26 жыл мурун фермердин үйүнө каракчылар кирип, уурулук учурунда башына бычак сайып кетишкен. Бычактын мизи баш мээдеги маанилүү органдарга барып такалгандыктан, фермер жашаган шаардагы хирургдар оор операцияны жасоодон коркуп коюшкан. Жыйынтыгында жабырлануучу 26 жыл бою ооруну басаңдатуучу дарылар менен жашап келген. 2012-жылы алардын шаарына келген хирургдар фермердин окуясы тууралуу угуп, текшерүүгө алышкан. Ал учурда 76 жаштагы жарандын оң көзү көрбөй, сол тарабы толугу менен иштебей калган. Медицина кызматкерлери аны Шаньдун провинциясындагы ири ооруканага алып барышкан.

Ооруканада фермердин башына эки ирет операция жасалган. 2-апрель күнү биринчиси ийгиликтүү жасалып, башындагы 10 сантиметрлүү бычактын мизин алышкан. 6 күндөн кийин кайра операция пландалып, анда жаракат алган жерлерин тазалашкан. Учурда бейтап өз алдынча басып, көрүүсү толугу менен калыбына келген. "Мурун мен күлүп, жөтөлө да алчу эмесмин. Медицина кызматкерлери мага экинчи өмүр тартуулашты. Эми 20 жылдан ашкан коркунучтуу, азаптуу түндөрүм артта калды", - деген фермер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2020-04-15 11:34:42
Тообаа
+3
rola
2020-04-15 11:56:41
Кудай сактаптырда дагы.
+2
Aguwa
2020-04-15 12:01:42
Коруусу калыбына келгени кызык экен
+2
nurhan2702
2020-04-15 18:53:43
Чындыкка окшошпой калыптыр го. Кантип башы чирип кетпей узак журо берди
0
Suzak12
2020-04-15 21:04:54
nurhan2702,бычак сапатууго датбаспай турган нержавейкабы Аллах омур берсе аны эч ким ала албайт деген созго дагы бир далил болуптур.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан