Коңшу Казакстандын Көкшетау шаарынын аймактык ооруканасынын хирургдары бейтаптан операция убагында салмагы 800 граммдан ашык металл буюмдарын алып чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, операция жасалган бейтап абакта жазасын өтөп жаткан 42 жаштагы адам болгон. Ал 1-апрелде ооруканага жеткирилген жана мындан төрт ай мурун 112 кичинекей металл буюмдарын жутуп алган. Бейтап өзүнө зыян келтирүү үчүн атайын 90го жакын бураманы былтыр ноябрда жана калганын декабрь айында жутканын айткан.