Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 49 жаштагы Ирина Олимская аттуу аял бычакталып каза болду. Карантин учурунда аны Виктор Блинов аттуу чогуу жашаган адам бычактаганын орусиялык басылмалардын бири жазды.
Виктор Блинов февраль айында көчөдөн өтүп бара жаткан кызга бычак сайып жиберген. Анда анын курмандыгы 25 жаштагы Марина Сазанова болгон. Ал күнү Сазанова курбусу менен аллеяда сейилдөө үчүн бара жаткан. Күтүүсүз жерден бөйрөк тушуна бычак сайылган. Сазанова аман калган, буга чейин ал көркөм гимнастика менен алектенген спортчу болгон. Эми ал спортко кайта албай тургандыгы жазылат маалыматта.
"Эртеси тартип сакчылары Виктор Блиновду кармап кетишкен. Тергөөдө ал күнөөсүн моюна алып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген: "Ошол күнү чогуу жашаган Ирина Олимская менен уруша кеттик, ачуумдан улам көп ичип алыптырмын. Ачуум келип эмне кылып жатканымды билбей, өзүмдү башкара албай калдым", - деген ал.
Бирок сот аны тергөө абагына эмес, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга соттук отурумга келгендердин көбү нааразы болушкан.
Блинов 51 жашта, дүкөндөргө нан ташып иштейт. Психикалык жактан жабыркагандардын каттоосунда жок. 1990-жылдары уурулук фактысы менен соттолгондугу аныкталган.
Анын жолдон өтүп бара жаткан кызга бычак сайганы боюнча ишти караган сотко прокуратура да, тергөөчүлөр да, жабыркаган тарап да шектүүнү камакка алууну сунушташкан. Бирок сот аны үй камагына чыгарып жиберген.
"Карантинде буга чейин чогуу жашап жүргөн Ирина Олимскаянын батиринде болушкан. Бирок экөөнүн ортосундагы чыр күндөн-күнгө күчөй берген. Блинов менен Олимская соттук процессте Олимскаянын берген көрсөтмөлөрү боюнча да жаңжал чыккан. Катуу чыр чыгып, Олимская кыйкырып жардам сурай баштаганда коңшулары полиция чакырган. Бирок кеч болуп калган эле, Блинов анын моюнуна бычак сайып өлтүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу Марина Сазанова болсо соттун бул чечимин туура эмес деп эсептей тургандыгын, ал бул чечими үчүн жооп бериши керектигин билдирген.