Кыргызстанда саясий кызматтардын 25,2 пайызын аялдар ээлейт
Кыргызстанда саясий кызматтардын 25,2 пайызын
аялдар ээлейт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз
кызматы билдирди. Гендердик саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Дүйшеева
билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлердин 42,4 пайызын аялдар түзөт.“2012-жылы
депутаттардын 16 пайызын, ал эми айыл өкмөтүнүн башчыларынын 4,6 пайызын аялдар
түзгөн”,- деди ал. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлиги гендердик теңчиликти
камсыз кылуу үчүн атайын механизмдерди иштеп чыгуу маанилүү экендигин белгилеп,
айымдардын саясатка аралашуусун күчөтүү зарылчылыгын билдирди.