Баткен аймагына парашют менен түшкөн белгисиз 5 адам табыла элек
29-августта Баткен районунун аймагына парашют менен түшкөн белгисиз 5 адам табыла элек. Муну 30-августта аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы билдирди. Парашютчан 5 адамдын асмандан түшүп келе жатканын Ак-Сай айылына караштуу Сары-Жаз жайлоосундагылар көрүшкөн. Учурда тийиштүү органдар ал шектүү адамдарды издеп жатышат, азырынча дайыны белгисиз.