
Ашказан оорулары бар адамдарга имбирди колдонууга болбойт. Бул тууралуу Диетологдордун улуттук коому билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган өсүмдүк ашказан жарасын өөрчүтүп, гастрит оорусун пайда кылат.
Ошондой эле имбирь аз белоктуу диеатаны кармаган адамдарга кажет эмес.
"Эгерде белок жок болсо тамак толук кандуу эмес деп эсептелет. Адам шоколад, картошка калдырканын жеп артынан имбирь суусундугун ичип профилактика кылдым десе ал жаңылышат", - деп билдирген диетологдор.
Имбирдин жардамы менен иммунитетти көтөргөнчө, күнүмдүк жеп жаткан тамак-ашка көңүл буруу абзел.