Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын мурунку оюнчусу, бишкектик "Илбирс" футболдук клубунун балдар машыктыруучусу жана белгилүү футболчу Рустам Закиров 30 жашында бүгүн, 15-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Рустам Закиров белгилүү машыктыруучу, кочкор-аталык "Нефтчи" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Нематжан Закировдун уулу.
Ал Улуттук курамада 2007-2010-жылдары ойногон.
Рустам Закиров канттык "Абдыш-Ата" клубу менен КПЛдин (Кыргыз Премьер-Лигасы) коло жана күмүш байгесин жеңген. Ушул эле клуб менен Кыргызстан Кубогунун 3 жолку ээси болгон.
2012-жылы бишкектик "Алга" клубуна кошулуп, ошол эле жылы КПЛдин күмүш байгесин жана 2014-жылы коло байгесин жеңип алган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рустам Закировдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.