Жалал-Абад. МАИчилер күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт
Жалал-Абад облусунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери 31-Август - Эгемендүүлүк күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштешет. Муну бүгүн, 30-августта облустук Жол-кайгуул кызматынын башчысы Кудайберди Мусалиев билдирди. Айтымында, учурда облуста 36 жол-кайгуул кызматкери иштейт. Майрам учурунда атайын мобилдүү топтор да түзүлөт экен. "Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөргө атайын кошуундар жардамдашып күнү-түнү иштешет",- деди Мусалиев.