Жети-Өгүз: “Кепилдик жок, жакында ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн” дешүүдө митингчилер

“УКМК айыпталуучулар Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди 10 күндүн ичинде актап, аларды күнөөсүз деп таппаса, элге ишенич жок. Ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн, буга кепилдик берүү кыйын. Биз бул иштин аягына чейин турабыз”. Муну “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаевдин досу, бүгүн Саруу айылында өтүп жаткан митингдин катышуучусу Чыңгыз Замиров билдирди. Айтымында, өлкөнүн башка аймактарынан да элдер телефон чалып абал тууралуу сурап жатышыптыр. “Өлкө аймактарынан телефон чалышып, бизди колдогондор болууда",- дейт Замиров. Учурда чогулгандар тартипти сактап турушканын, абал туруктуу экенин кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан