Тергөө жүргүзүү үчүн “Кумтөрдөн” акча доолаган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду Бишкекке алып кетишти. Бул тууралуу Ысык-Көлдөн Эрмек Жунушбаевдин досу Чыңгыз Замиров билдирди. Эске салсак, кечээ, 29-августта УКМК Жунушбаев менен Курмановго карата “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар акча талап кылган” деп айып тагып, кылмыш ишин козгогон эле.