3 миллион доллар боюнча айыпталгандар Бактияр Курманов жана Эрмек Жунушбаев менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер суракка алына элек. Муну бүгүн, 30-августта УКМКдан билдиришти. Маалыматка таянсак, Курманов менен Жунушбаевдин "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар сурап жатканын айтып Гриер УКМКга арыз жазыптыр. Аталган 2 жаранга кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. "Тергөөнүн жүрүшүндө Гриер суракка алынабы же жокпу белгисиз",- деп билдирди УКМКдан. Ал эми “Кумтөр” ишканасы Дуглас Гриер кадимкидей эле иштеп жатканын кабарлады. “Гриер арыз жазды, акча талап кылгандарга карата кылмыш иши козголду. Эми калганын УКМК териштирет. Мындан башка маалымат бере албайбыз”,- деди компаниянын ММКлар менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси Мирлан Кимсанов.