Үйдө отуруп фараондор дооруна саякатка баргыңыз келеби? Египет дүйнө элдери үчүн виртуалдык музей ачты

"Мумиялар, көмүү боюнча ырым-жырымдар, өлгөндөргө сыйынуу, албетте, бул тема дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалда жагымсыз болушу мүмкүн. Ошентсе да Египет өз музейлерине виртуалдык тур саякатын ишке киргизди" деп жазышат чет элдик басылмалар.

"Музейге виртуалдык тур саякаты" деп аталган долбоордун максаты Египеттин белгилүү туристтик жайларына үйдө отуруп алып саякатка барып келүү экени белгиленет.

3D-форматында жасалган музейге Кыргыз өлкөсүнүн жарандары дагы шилтеме аркылуу кирип "Падышалардын өрөөнү" деп аталган күмбөздөргө виртуалдык саякат жасап келе алат.

Долбоорго кирген объектилер: Луксордогу Рамзес V менен Рамзес VIнын күмбөздөрү, Гизадагы Мересанх III ханышанын жана Меннанын күмбөздөрү, ошондой эле Египеттеги белгилүү Кызыл монастырь.

Маалыматта музейге алып барган шилтемелер "Үйдө бол! " деген хештег менен коштолгону белгиленет.

Эскертүү! Виртуалдык музейге кирүү үчүн белгиленген шилтемелер аркылуу кирип, анда ачылган 3D музейдин кире беришиндеги шакекчелерди басуу менен музейге саякат жасаса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keba300989
2020-04-17 09:02:29
Эң жакшы рахмат чоң СУПЕР
-1
010288
2020-04-17 09:16:06
Коркуп кеттимго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан