29-августта Кыргызстанда 19 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.