Кечээ, 16-апрелде Казакстанда МиГ-31 үлгүсүндөгү аскер учагы кулады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык Караганда шаарында пландык машыгуу учурунда болгон. Мындан эки учкуч жабыркады. Алар ооруканага жеткирилип, азыркы тапта дарыланууда.
Азыркы учурда өлкөнүн коргоо министри кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүп, иш алып барууда.