Баткенде аткезчилик жол менен коон алып бара жаткан Өзбекстандын 2 жараны кармалды
29-августта Баткен чек ара бөлүгүнө тиешелүү аймакта аткезчилик жол
менен коон алып бара жаткан Өзбекстандын 2 жараны кармалды. Чек ара кызматы
билдиргендей, Кадамжай-Сох транзиттик жолунда кармалган жүктүн жалпы суммасы
120 000 сомду түзөт. Кармалган учурда бул жарандар жолдон 200 метр алыс
туруп коондорду сатып жатышкан. Тиешелүү документтерди толтурган соң, кармалган
жүк жана анын ээлери Кызыл-Кыянын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.