Жоругуң жолдо калсын. Мушкер Майк Тайсон машыктыруучусун жолборс менен бир капаска камап койгон

Атактуу америкалык мушкер Майк Тайсондун машыктыруучусу Жефф Фенек мушкер менен болгон мамилеси тууралуу америкалык "Fox Sports" басылмасына айтып берген.

Жефф Фенек Майк Тайсон менен 1988-жылдан бери тааныш. Машыктыруучунун айтымында, мушкер чыр-чатактарга жана жийиркеничтүү жүрүм-турумга барганына карабастан, бир нече жолу боорукердик көрсөтүп, адамдарга материалдык жактан жардам берген.

Машыктыруучу буга чейинки кызыктай бир окуяны айтып берген: "Ал үйүндө жолборс бакчу. Бир күнү мени үйүнө чакырды. Үйүнө барганда күтүлбөгөн жерден ал мени капаста жаткан жолборско түртүп киргизип, сыртынан кулпулап койду. Бул дүйнөдө мен корккон нерселер аз. Бирок капастан чыккандан кийин ич кийимимди алмаштырууга туура келген", - деп билдирген машыктыруучу.

Майк Тайсон карьерасын 2005-жылы аяктаган. 1987-жылдан 1990-жылга чейин ал бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. Америкалык мушкер карьерасында жалпы 56 беттеш өткөрүп, анын ичинен 50 жолу жеңишке жетип (алардын 44ү нокаут менен), 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан. 2 беттеши белгисиз бир себептерден улам өтпөй калган. Тайсон ошондой эле бокс тарыхындагы эң жаш чемпион. Чемпион болгон учурда ал болгону гана 20 жашта эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2020-04-17 14:26:38
Тайсондун тренери Кас Д’Амато го.
+1
Bak.taalai
2020-04-17 20:26:02
bond02,Тайсондун тренери жонундо соз болгон жок. Тайсондун шакиртин айтып жатат тренери Тайсон да
-4
aslan_akjol89
2020-04-17 23:20:01
Bak.taalai,адаштын.Машыктыруучусун камап койгон деп турат.
+2
turaliev
2020-04-18 03:10:06
bond02,Анын олгону качан. Олуп калса анан башка машыктыруучу жалдайтда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан