29-августта Каракол шаарындагы автобекеттен баштыкка салынган өлгөн суур табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. Баштык саат 12:00гө жакын табылып, шаар тургундарын дүрбөлөңгө салды. Учурда автобекеттин айланасы тазаланып, суурдун денеси экспертизага жөнөтүлдү. Экспертизанын жыйынтыгы 72 саатын ичинде чыгат. Айта кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көлдө кара тумоо дарты менен катталган адамдар жок экенин билдирди. Аймактан карантиндик режим 31-августта алынат.