"Жок нерсени чоң кылып..." Сабалган баланын ата-энесинин жаңы версиядагы видеосу чыкты

Социалдык тармакка тараган "отжимание жаса" деп баласын сабаган атанын жаңы версиядагы видеосу чыкты. Анда видеого тарткан адамдын "Кыргыз элим, жок нерсени ким чоң кылып чыгарып жиберди. Мына баланын апасы, атасы урушпай эле жүрүшөт. Бирөөлөр жөн эле чыгарып жиберишиптир. Карантин учурунда өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп, чыгарышыптыр. Туура түшүнүп, өчүрүп эле коюңуздар ээ?" деп айтканын угууга болот.

Бүгүн социалдык тармакка баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган атанын видеосу чыккан. Андан соң баланын тай тарабы баланын атасын полиция кызматына бергенин жана ал кармалганын айтышкан. ИИМ болсо баланы сабаган атанын дарегин тактоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Ал эми кийинчерээк социалдык тармакка "айылдашым кылганына өкүнүп жатат" деген таризде колдонуучунун билдирүүсү тараган.

"Отжимание жаса" - уландысы. Болбогон нерсени чоң маселе кыласыңар дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Sakura715
2020-04-17 19:24:51
Туура силерге эмне кереги бар эле бул нерсенин,как бүдто өзүңөр таяк жебей чоңойгонсуп
-14
basyz-kaman
2020-04-17 19:37:28
Биз деле таяк жеп чонойгонбуз бирок чоңоюп эс тартып калганда кылгын айып иштерибиз үчүн. Ал эми бул жерде жаш баланы сабап муунтуп атпайбы жоопко тартылсын башкаларга дагы сабак болсун.
+9
Alia82
2020-04-17 19:40:18
Чокуна жок нерсени чыгардыбы, ушул жок нерсе болсо анда бары кандай болдукен
Ужас...
+7
Dani
2020-04-17 19:49:36
Жазасын алсын Аллахыман суранам,жанакоргоочулар кысчуу жеринерди кыскыла
+2
altynka95
2020-04-17 20:20:37
Кандайча жок нерсе , анда биз эмнени кордук ?
+6
ooki8888
2020-04-17 20:36:22
Биринчи видеодогу аял башка,бул видеодогу аял башкаго.
+1
murat17
2020-04-17 20:37:38
эми кыргызга табылбай эле калды эми ичинер отуп кетсе дагы [moderated]ка чыгаргыла ата баласын урганга акысы бар эгер тил укпаса эми бул жерде атасы бир аз ашыкча откозуп жибериптир андай кылган жарабайт
-10
Dina_85
2020-04-17 20:52:45
Мындай атадан Кудай сактасын, тарбия начар дейт, беш жыл каякта эле? Туштон кийин актанганы. Уч суткага камоо керек.штраф толотуп чыгарбай.
+3
aerforce
2020-04-17 21:47:12
Камалсын ХХХХ 15 кун оор жумуш жасатып
+2
kuzumka
2020-04-17 22:35:11
Жазасын алсын, туштон кийин мышык болбой.Ата урат бирок муунтпайт
+8
Osh2017g
2020-04-17 23:19:15
Аялы деле куйосунун апасындайго,сабаган жердеги жезде деп аттыго,балдызы окшойт.
+3
Farkhat07.05.89
2020-04-18 00:28:19
Бул видеодо ХХХХ окшогон ата соройду даана корсотпойтко.Башка бироону эле видеого тартып коюшкан жокпу?
+3
Nargiza6991
2020-04-18 06:52:28
Отжимания үчүн ушунча сабаса, кичине туура эмес иш кылса өлтүрөтго байкуш баланы. Мындай атанын барынан жогу...
+5
Tyty1990
2020-04-18 11:24:31
Камалса да жаман,камалбаса да жаман
+1
ilgizk
2020-04-18 16:04:27
Балага мээрим жок, мээрим болсо катуу дагы суйлоштон журогуң ооруйт.
Баланы миң урба боло турган бала нарагыган,болбосо уруп кылдырыгандан пайда жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан