20-август күнү Түндүк Кореяда 12 музыкант элдин алдында өлүм жазасына тартылды. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына таянсак, өлгөндөрдүн бири ырчы Хен Сон Воль өлкө президенти Ким Чен Ындын мурдагы сүйгөнү. Музыканттар жыныстык мамилелерди чагылдырган тасмаларды тартып, аны элге жайылтканы тараткандыгы жана Библиянын көчүрмөсүн алып жүрүшкөндүгү (Библия алып жүрүүгө тыюу салынган) үчүн айыпталып, 17-августта камакка алынышыптыр. 20-августта коомчулуктун алдында аларды атып өлтүрүштү. Маалыматка ылайык, азыркы президент Ким Чен Ын менен каза болгон Хен Сон Вольдун мамилесине убагында өлкө лидеринин атасы Ким Чен Ир каршы болгон экен.