Франция курамасынын жана германиялык "Бавария" футболдук клубунун жарым коргоочусу, 23 жаштагы Кингсли Коман машыгууга башка унаа айдап келгени үчүн айып төлөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Бавария" клубу чакан топто машыгууларын баштаган. Аталган клуб "Audi" автомобиль компаниясы менен биргелешип иштешет. Клубдун оюнчулары команда жайгашкан жерге ушул компаниянын унаасы менен келиши керек. Акыркы машыгууга футболчу Mclaren үлгүсүндөгү унаа менен келген. Бул үчүн "Бавария" клубу футболчуга 50 миң евро айып салган.
"Мен клубумдан жана "Audi" компаниясынан машыгууга башка унаа менен келгендигим үчүн кечирим сурайм. Башка унаа менен келгенимдин себеби "Audi" үлгүсүндөгү унаамдын капталдагы күзгүсүн сындырып алгам. Күнөөмдү мойнума алам", - деген футболчу.