"Жоругу чектен ашып камакка алынган". Анжелина Жолиге окшошом деп таанылган ирандык кыз коронавирус менен ооруп жатат

3 жыл мурун бир катар чет элдик маалымат булактары ирандык Фатима Хишванд аттуу кыз тууралуу жазышып, анын таң калычтуу сүрөттөрү да жарыяланган. Инстаграмда Сахар Табар деген ат менен белгилүү бул кызды анда Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 жолу операция жасаткан деп жазышкан. Бирок Хишванд бул маалыматты четке кагып, ал жүзүнө пластикалык операция жасатканын, бирок анын саны 50 эмес экендигин, сүрөттөгү көрүнүш гримдин жардамында болгонун айтып чыккан. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасын активдүү жүргүзүп келчү. Бирок демейдегиден башкача сүрөт, видеолорду жарыялап жүргөн.

Ирандын укук коргоо органдары анын бул жоругун Кудайды мазактоо, элге жат көрүнүш менен акча табуу, жаш муунду жолдон адаштыруу, зомбулукка үндөө деп таап камакка алынган. Абакта Фатима Хишванда коронавирус инфекциясына чалдыкканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, ал учурда жасалма дем алдыруу аппаратынын жардамында дем алып жатат. Жактоочулары аны абактан чыгарууну өтүнгөнү менен сот бул өтүнүчтү четке каккан. Сот Хишванд коронавирусту жуктурган жерде керектүү дарылануудан өтөрүн белгилеген.

Фатима Хишванд абакка өткөн жылдын октябрь айында алынган.

Маалыматтар боюнча, Иранда 76 миңден ашык адам коронавирус жуктурган, каза болгондор 5 миңге жакын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
NURSAPAR
2020-04-18 18:29:37
Айдай сулуу экен эле го. Не жин тийген буга. Ушундайдарды көрсөм боорум ооруйт. Бул да бир оору окшойт.
+13
Sema12
2020-04-18 19:41:21
Бул вирусту коркутат кайра
+16
Aika1988
2020-04-18 19:42:58
Ошон учун Аллахым Берген сулуулукка шугур деп жашаш керек.Козду ондоп кашты кырып татуаж кылып пластинкалык операция жасап туру суук болгончо Кудайым жаратканына шугур кылалы туугандар.
+13
Munarbek98
2020-04-19 03:50:19
Aika1988, сиздей ой жүгүрткөн адамдар көөп болсо экен
+2
al-abu-kinesz
2020-04-18 19:46:17
Озунун бир жакшынакай жузу болгон экен го..
+10
vikidiki
2020-04-18 20:05:32
Тушко кирчудой болуп алган го. Бррррр....
+7
Mirlan27011987
2020-04-18 20:10:27
Иранда исламисттер бийлике келгенге чейин современный эле жашачуу. Азыркы учурда бийликте олтурган ашынган исламчылдар аялдарга эркин кун коргозбой келишет. Эскиче коз карашты карманган бийликтеги исламчылдар олкону бир нече жылга артка тартып салышты.
-6
salimbek87.kg
2020-04-18 22:27:01
5 чи суроттоггу кебетенден калба. Калган суротторун баары жез кемпир
0
Paol
2020-04-18 22:40:09
Фотошоп мн жасалган го кобү эле
0
admin_portal
2020-04-18 22:55:17
Mirlan27011987, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. БАН!
+3
Dorukchum
2020-04-18 23:40:37
Чырактай эле кыз болгон экен өзүнүн жүзү, ичим ачышып кетти...не Анжелина Жоли ушундай болуп кеткенби?
+2
rola
2020-04-19 00:14:52
50 жолу эмес,бир жолу пласт.к опер.ция жасатсан дагы Кудайга шек келтирген болосун.Жооп берчу кун да келет.Шугур деп жашаш керек,Кудай кандай жаратса ошондой келбетке раазы болгулачы айланайындарым.
+3
KG.Kushtarbek
2020-04-19 03:20:32
Ирандын кандай эл екенин мен еми билдим.Америка жок кылып таштаса екен.Иранды
-3
Kitep
2020-04-19 22:04:32
KG.Kushtarbek,беш кол тең эмес,сен ойлогондой кишилер Америкада жана башка олкодо деле бар.
Иранда деле жаш балдар наристелер бар,кантип эле Америка жок кылып жиберсин??
0
Center
2020-04-19 03:24:15
Эч нерсеси калбаптырго.
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-19 07:39:30
Ой тооба кылдым,
0
Kitep
2020-04-19 22:06:16
Озу татынакай эле кыз экен,Анжелинадан сулуу эле болгон экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан