Кемин районунда “адам өлтүрдү” деп шектелип Орусиянын жараны кармалды

Кемин районунда “адам өлтүрдү” деп шектелип Орусиянын жараны кармалды. Чүй ОИИБинин маалыматына ылайык, 26-августта болжол менен саат 19:30да Кемин районундагы үйлөрдүн биринде милиция кызматкерлери 56 жаштагы В.Пнын сөөгүн табышкан. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалып, “адам өлтүрүү” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, маркумдун жубайы 69 жаштагы Г.К. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү уруштун айынан жарандык никедеги күйөөсүн балка менен башка чаап өлтүргөнү белгилүү болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан