Орусия: Жеңиш чокусуна бараткан орусиялык альпинист жоголду

Кыргызстандагы эң бийик жер - Жеңиш чокусуна чыгып бараткан орусиялык альпинист дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жарыялашты. Альпинист Владимир Петлицкий аталган чокуну багындыруу аракетин 7-августта баштаган. Жарым жолго жеткенде аба ырайы бузулуп, 5800 метр бийиктикте жайгашкан үңкүрдө калыптыр. Башка альпинисттер артка кайтышкан. Маалыматтарга ылайык: "Петлицкий 22-августта туугандарына байланышка чыкмак” деп айтылууда. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышсак, мындай маалыматтан кабарсыз экендиктерин билдиришти. “Бизге альпинист жоголду деп эч ким кайрылган жок”,- деди ӨКМдан Ыкыбал Абдираимова.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан