Орусияда майыптар арабасында отурган кемпирди башка-бутка ургулап жаткан түгөйлөрдү видеого тартып алышкан. Териштирүү башталды

Орусиянын Тюмень шаарында эркек жана аял кишинин майыптар арабасында отурган кемпирге кол көтөрүп жатышканын күбө видеого тартып алган. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, улгайган адамга кол көтөргөндөр түгөйлөр.

Видеонун автору сыртта ызы-чуу болуп жатканын угуп, көзү жакшы көрбөгөндүктөн телефондун камерасына окуяны тарта баштаган. Бирок алардын кемпирге карата мамилесин түшүнгөндөн кийин аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды урбоого чакырган. Бул сынга түгөйлөр ачууланып, "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды кароо абдан оор" деп жооп беришкен. Видеону тарткан адам "Тез жардам" менен полицияга кабар берген. Анын айтымында, алар кемпирди бутуңа тур деп мажбурлашкан.

Видеодо майыптар арабасында отурган кемпирди аял бутуна бир нече жолу андан соң бетине да чаап жибергени көрүнөт. Күйөөсү арабаны артка-алдыга жулкулдатып кирген.

Учурда бул түгөйлөрдү укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Алар нервденип жатып ушул окуя орун алганын айтып беришкен. Ал эми улгайган аял ооруканада, медициналык жардам алып жатканы жазылат маалыматта.

Майыптар арабасында отурган кемпирди башка-бутка ургулап жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dani
2020-04-20 08:05:55
Ээз адамдар не болуп баратат,ыйман берсин баарына
+5
Krai
2020-04-20 14:26:49
Убагында ушул кемпир тиги адам сымал айбандарды ушинтип уруп согуп жок кылып койбоптур
+3
Kubatbek1974
2020-04-20 17:14:46
Өздөрү ушул күнгө түшөөрүн ойлобойтда акмактар.Эртеге эле карыйт экөөбү тең балдары кайталайт ушул окуяны.
+1
aiba_00
2020-04-21 11:19:17
Орустар кыргыздардардан айырмаланып,ичпегенди ичирип оюнчуктун турун алып берип чонойтот балдарын, кийин карыгында карабай квартирасын талашып олтургонго чейин барышат, кыргыздар болсо жетип жетпей чонойсон да карыган ата энелерибизди урматтап сыйлайбыз кандай эмгек мн чонойту деп.Кудай сактасын ушундай карылыктан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан