Канададагы атышуудан 16 адам набыт болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары кабарлап жатышат.
Азырынча жергиликтүү бийлик окуяны террордук чабуул деп эсептей элек. Ал эми маалыматка ылайык, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
"Полиция буга чейин 51 жаштагы жаран ишемби күнү кечинде Портапик шаарындагы адамдарга кол салып, ок чыгарганы тууралуу билдирген. Алар кылмышкерди 12 саатка жакын кууп жетип, операция эртеси күнү аяктаган. Анда Гаэриэл Уортман аттуу кылмышкер полиция кызматкерлерине окшош форма кийип алып, Жаңы Шотландияны кезип, адамдарды атып өлтүрүп, үйлөрүн өрттөп жиберген. Анын кесепетинен 16 адам каза болду. Ошондой эле атышуу учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири каза болуп, бир полиция кызматкери жаракат алган", - деп жазылат окуя тууралуу.
Кылмышкер полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин өлтүрүлгөнү белгилүү болду.