Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусу менен ооруган бейтап ооруканадан качып кетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында жарыяланды.
"Бул көрүнүш өлкөдө кайрадан эбола вирусунун күч алышына алып келиши мүмкүн. 13-апрелге чейин вирусту толугу менен жеңебиз деген күтүү болгон. Бирок акыркы бейтапты дарылап чыгаргандан 52 күн өтпөй вирус кайтып келген. 10 адамдан вирус аныкталып, 6 адам көз жумган", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы жигит өз алдынча ооруканадан качып кеткен. Азыркы тапта аны тез аранын ичинде табуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.
"Ал өзү дарыланбагандыктан, оорудан көз жумат. Бирок ал канча деген адамдарга оору жугузуп, алардын дагы өмүрүнө коркунуч жаратып жатат", - деп билдирген Бени шаарынын башчысы.
Эбола вирусу 2018-жылдын август айынан тартып 2 миң 200 адамдын өмүрүн алган. Буга карабастан өлкөдөгү көп адамдар ооруну жок деп эсептешет. Ал эми Конгонун Саламаттыкты сактоо системи бир эле маалда кызамык, холера жана коронавирус менен күрөшүп жаткан убагы. Өлкөдө 327 адамдан коронавирус аныкталса, анын 25и көз жумган.