Орусиянын Бокс федерациясы популярдуу ырчылар Тимур Юнусов (Тимати) менен Василий Вакуленконун (Баста) бокс боюнча беттешин өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу федерациянын башчысы Умар Кремлев айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Бокс менен машыккан көптөгөн ырчылар бар. Мисалы, Тимати боксту жакшы көрөт, Баста дагы. Бул экөөнүн ортосунда беттеш уюштурсак болот. Биз бул беттешти уюштурууга даярбыз. Биз федерация катары бул беттешти уюштурабыз. Мен Тимати менен Баста беттешиши үчүн аларга расмий сунуш жөнөтөм", - деген Кремлев.
Мындан тышкары Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясына бокс боюнча Европа чөлкөмүндөгү олимпиадага тандап алуу турнирин Москвада өткөрүү боюнча арыз берет. Анын айтымында, Англияда өткөн бул турнир жогорку деңгээлде уюштурулган эмес.