Казакстандын Ак-Төбө облусундагы Жекесай дарыясынын жээги өлгөн балыктарга толуп калган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Буга себеп катары, балыктар байырлаган сууда кычкылтек жетишсиз болуп жатышы мүмкүн экендиги айтылат. Жергиликтүү тургундар 400 килограммга жакын өлүү балыктарды чогултуп, мал көмгөн жайга алып барышкан. Жерине келген адистер суудан жана балыктардан лабораториялык изилдөөлөр үчүн биологиялык сынам (проба) алып кетишкен", - деп жазышат жергиликтүү маалымат булактары.