Орусияда майыптар арабасында отурган кемпирди бутка-бетке ургулаган окуя: Баласы көргөн көзүнө ишене албай жатат

Буга чейин Орусиянын Тюмень шаарында эркек жана аял кишинин майыптар арабасында отурган кемпирге карата жасаган мамилеси жазылган. Анда аял кемпирди "ордуңдан тур, бутуңа тур" деп мажбурлап, ал тура албагандыгы үчүн бутка-бетке урган. Андан кийин эркек киши арабаны солкулдатып катуу силккен. Бул көрүнүштү күбө видеого тартып алган.

Урган аял - кемпирди 3 жылдан бери карап иштеп келгенин кемпирдин баласы Владислав Смаков Орусиянын жергиликтүү басылмасына маалымдаган. Смаков көргөн көзүнө дагы деле ишене албай турганын, апасын багып иштеген аялдан мындайды күтпөгөнгө таң калып жатканын билдирген.

"Биз аптасына аз дегенде бир жолу апама барып кабар алып турабыз. Бирок ал аялдын мындай мамилесин такыр көргөн эмесмин, бир нерсе болсо байкамакмын да. Үч жылдан бери апамды карап иштейт, бул аз эмес убакыт, бул убакыт аралагында ал дагы эмнелерди жасады болду экен? Мага өтө күтүүсүз окуя болду", - деген ал.

Кемпирди карап иштеген аялдын жоругу боюнча териштирүү иштери башталганына байланыштуу, ал азыр апасынын абалына көбүрөөк маани берип жатканын айткан.

"Учурда апамды тааныш аялдардын бири карап жатат. Аны азыр бир мүнөт да жалгыз калтырууга болбойт. Апам жүрөк, кан, МРТ, УЗИ - бардык анализдерди тапшырды, баары жакшы чыгып жатат", - деген ал.

Майыптар арабасында отурган кемпирди башка-бутка ургулап жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2020-04-21 09:14:20
Канынан жаралган өз уулу сен карабагандан кийин өзгө жарытмак беле
+9
aerforce
2020-04-21 11:29:30
Жалгыз эненди оз уйундо каратсан мындай болмок эмес
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан