Барак Обама кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
АКШнын президенти Барак Обама президент Алмазбек
Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун
тексти: “Урматтуу президент, америка элинин атынан 31-август – улуттук майрамыңыздар
менен сизди жана кыргыз элин куттуктайм. Бул жылы Кыргызстан көз
карандысыздыгынын 22 жылдык мааракесин белгилегени турат. Бул убакыт аралыгында
АКШ жана Кыргызстан ич ара бекем ынтымак түзүшүп, жалпы баалуулуктарын бирге
бөлүшүп келишти. Мындан ары дагы АКШ Кыргызстанды колдоону уланта бермекчи. Келечекте Кыргызстандын гүлдөгөн өлкө болорунан үмүтүм бар. Мамлекетиңерде тынчтык жана өркүндөп-өсүү
болоруна жана биздин кызматташтык бекемделерине ишенем”.