Англиялык "FourFourTwo" басылмасы футболдогу дүйнө жүзүндөгү эң мыкты дарбазачылардын рейтингин түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда биринчи орунду Словения курамасынын жана испаниялык "Атлетико Мадрид" футболдук клубунун 27 жаштагы дарбазачысы Ян Облак ээледи. Ушул сезондо Облак 27 оюн өткөрүп, 21 голду өзүнүн дарбазасына өткөрүп алган.
Экинчи орунду Бразилия курамасынын жана англиялык "Ливерпуль" клубунун дарбазачысы Алиссон Бекер ээлесе, үчүнчү орунга Германия курамасынын жана испаниялык "Барселона" клубунун дарбазачысы Марк-Андре тер Стеген жайгашты.
"FourFourTwo" жарыялаган рейтинг боюнча дүйнөдөгү мыкты 10 дарбазачынын тизмеси төмөндөгүчө:
1. Ян Облак ("Атлетико Мадрид");
2. Алиссон ("Ливерпуль");
3. Марк-Андре тер Штеген ("Барселона");
4. Тибо Куртуа ("Реал Мадрид");
5. Кейлор Навас (ПСЖ);
6. Петер Гулачи ("Лейпциг");
7. Самир Ханданович ("Интер");
8. Мануэль Нойер ("Бавария");
9. Эдерсон Мораес ("Манчестер Сити");
10. Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед").