Күн санап көбөйүүдө. Орусияда коронавирус инфекциясын жуктургандар 50 миңден ашты

Орусиянын 78 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 5 миң 642 адамдан аныкталып, 51 бейтап бул оорудан каза болсо, 427 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын ичинен:

Москва шаарында 3 миң 83 адам (жалпы ооругандар 29 миң 433);

Москва облусунда 718 адам (жалпы 5 миң 59);

Санкт-Петербург шаарында 127 адам (жалпы 1 миң 973);

Нижегород облусунда 101 адам (жалпы 860) жана калгандары башка аймактардан.

Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө 52 миң 763 адам коронавирус жуктурган. 456 адам каза болсо, 3 миң 873 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-04-21 15:50:03
Россияда пик вируса майдын акыры деп окуп калдым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан