Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек - Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар", - деди Абылгазиев.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн. Жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 чакырым төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 сантиметр. Курулуш иштерине 31,6 миллион доллар жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан 45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45 пайызга аткарылды.
Бишкек - Кара-Балта тилкеси "Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3" долбоорунун алкагында кайра курулууда.