Кыргыз өлкөсүнүн жаш шахматчы кызы Сейил Мелисова каза болду. Бул тууралуу шахматчы кыздын машыктыруучусуна байланышканыбызда маалыматты тастыктады.
Сейил Мелисова Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону, көптөгөн абройлуу улуттук турнирлердин жеңүүчүсү болгон. Ал эртең, 22-апрелде 14 жашка толмок.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты жаш шахматчы Сейил Мелисованын көз жумганына байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.