Ысык-Көл районунда "Айназир" аттуу балдарды реабилитациялоо борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, аталган борбор жашоосу кыйын абалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык жакатан колдоо көрсөтүү максатында ачылды. Имарат ичи толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү жабдыктар менен жабдылыптыр. Анын ачылышына 30-августта Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиев катышты.