"Бала баккандан чарчап кеттим". Орусияда ыйлаганы үчүн ымыркайын аёосуз сабап салган аялдын видеосу тарады

Видеону жергиликтүү маалымат булактары жарыялап, окуя Орусиянын Оренбург облусунда болгонун жазды. Ага ылайык, аял баласын ыйлаганы үчүн сабаган.

Адегенде ал керебетте ыйлап жаткан баланы алып, сөгүнгөн сөздөр менен тилдей баштаган. Анда ал бала кароодон чарчап кеткенин, аны балдар үйүнө бере турганын айткан.

Баланын ыйы басылбаганда ал колунан аны диванга ыргытып, артына бир канча жолу урат. Андан кийин колуна алып кайра чапкылайт. Бул менен эле жөн калбай кайрадан диванды көздөй ыргыткан.

"Сенин айыңдан кийинки бала азап чегип жатат, акмак. Чарчадым, эч ким жардам бербейт, атаң кана?" - деген ачууланган аял ымыркайды тилдеп жатып. Бөлмөдө башка аял ага сүйлөп жатканы менен баланы сабаганын токтотууга аракет жасаган эмес. Видеону социалдык тармакка жүктөгөн адам баласын сабаган аялды көзөмөл кылуу өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылганын, бирок эч кандай жыйынтыктар чыкпай жатканынан видеону коомчулукка көрсөтүүнү чечкенин айткан.

"Эмнеге эч ким реакция жасабайт? Баланы апасы бир күнү өлтүрүп койсо, аларга жеңил болобу?" - деген ал.

Айрым басылмалар бул окуяны прокуратура териштирип жатканын, бала энесинен алынып ооруканага жаткырылганын жазышууда. Дагы башка маалыматтар боюнча, баласын сабаган аял 22 жашта, алар убактылуу башка үй-бүлөнүн үйүндө жашап жатышкан.

"Ал кайрадан кош бойлуу болуп калган. Келиндин үй-бүлөсүн өз үйүндө жашатып жаткандар анын баласына көп кыйкырып урушарын байкап жүрүшкөн. Бул жолу сени балдар үйүнө берем деп жемелеп жатканда тиешелүү мекемелерге чалып чакырышкан, бирок алар баланы алып кетишкен эмес", - деп жазылат анда.

Орусияда ыйлаганы үчүн ымыркайын аёосуз сабап салган аялдын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
guli-1980
2020-04-22 08:13:12
Оруспу кыргызбы толук жазбайсынарбы?
0
murat17
2020-04-22 10:04:25
guli-1980,козуну чон ачсан ким экенин билесин
+1
Elit
2020-04-22 17:48:42
Ии эмне болуп баратабыз.
0
guli-1980
2020-04-23 02:14:03
murat17,кантип ачайын. Видеону коргонго журок чыдабады
0
feru92
2020-04-22 08:18:48
Оо Жараткан Аллахым бироого зар бироого кор дуйно екенго ушундай наристеге жетпей канча жылданбери ыйлап журом
+9
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-22 08:40:14
Чыгарбагылачы нерв кылып !!!
+16
Tymar
2020-04-22 09:02:58
Мындай акмактар Тенирден жакшылык кутпой эле койгула.
-13
Evroset.Evroset.
2020-04-22 14:47:30
Мен дагы ушуга окшогон видеолорду эч Коро албайм. Журогум чыдабай кетет. Эх,адамдар мынча зоокур болуп кеткенбиз! Канындан жаралган баланды кантип урасын! Баарына,ыйман тилейм!
+3
jamakeev2015
2020-04-22 17:12:41
Бироого зар бироого кор деген ушу да
0
Baktyluumun98
2020-04-22 17:44:55
Чарчаса чарчады да. Боюнда дагы бар экен, стресс болуп атыптыр. Мындайлар Кыргыздардын келиндеринде деле четинен чыгат. Жогоруда коммент жазгандар суттон аппак болбогулачы.
0
Timurlan2017
2020-04-22 21:42:15
Эмне кереги бар ушундай видеолорду чыгарып. Супер. Кж сайтынын администрациясы сураныч койбогула мындай видеолорду. Пропаганда кылгандай болот экен.
0
Altyn2017
2020-04-22 22:41:57
Timurlan2017, Сен көрбөй эле койда башкаларга сабак болот кайра чыгара беришсин Супер баарынан кабардар болуп турганыбыз жакшыда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан