Азыркы тапта кыргыз эли калдайган алп, ак таңдай акыны, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевди жоктоп, кабыргасы кайышып турган чагы. Акын 42 жашта болгонуна карабай, чоң ийгиликтерди багындырып, өчпөс из калтырып кетти. Замандаштары кадимки Эшмамбет акындын жээни Элмирбек шашып жашады деп, аңыз кепке алып, эскерип жатышат. Ак таңдай акындын артында жубайы, үч кыз, үч уулу, шакирттери жана калдайган калың кыргыз эли калды.
2008-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгондо Элмирбек Иманалиев "Чыңгыз өлбөс болсочу" деп жазуучуну жоктоп, комузун муңкантып, кызыл тили менен кошок кошуп, калың элди силкинткен. Ал учурда акын дал Айтматовдой артынан шакирттери кошок кошуп, эли жоктоп кала турганын билбеген чыгар. Азыркы тапта акындын шакирттери байма-бай устатын жоктошуп, кошок кошуп, комуздарын муңкантып жатышат. Акыркы кезде алп акындын жанында өнөр арты менен бирге жүрүп калган шакирти Асылбек Маратов устатын жоктоп, армандуу кошок кошту. Акындын шартылдата черткен комузу муңканып, ээси жок калды. Бүгүн, 22-апрелде Элмирбек Иманалиевди калдайган калың эли акыркы сапарга узатып жатат.