Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталмак. Бирок мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Сергей Слесарёв билдирди.
"Отурум эртең мененки саат 10:00гө белгиленген. Ага бардык жактоочулар келген. Бирок Алмазбек Атамбаевдин таң эрте кан басымы төмөн болуп, өзүн жаман сезип жатканына байланыштуу ал процесске келе алган жок. Андыктан сот 27-апрелге жылдырылды. Мен мурдагы өлкө башчыга кечээ, 21-апрелде жолуккам. Ошондо анын ден соолугу анча жакшы эмес эле. Мындай абалда Алмазбек Атамбаевди убактылуу бошотуп, медициналык кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек эсептейм", - деди жактоочу.