Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында калктын укугун коргоочу жаңы борбор иштей баштады. Борбордо 4 милиция кызматкери, аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү иш алып барат. Жаңы имараттын курулушуна айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү калк менен бирге 2 миллион 800 миң сом чогултуп беришиптир. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.