Жалал-Абад. Чаткал районунда 85 эне "Баатыр эне" наамын алат
Жалал-Абаддын Чаткал районунда 31-август - Эгемендүүлүк майрамында 85 энеге "Баатыр эне" наамы, 19 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылат. Муну 30-августта аталган райондун акиминин биринчи орун басары Шадыкан Айымбетов билдирди. Айтымында, Эгемендүүлүк майрамы райондогу борбордук аянтта уюшулуп, спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар болот. "Бул майрамга жергиликтүү бюджеттен 50 миң сомдой акча бөлүндү",- деди Айымбетов.