30 жаштагы Канаданын тургунун эмчегине салдырган силикону сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
30 жаштагы айым көчөдө баратканда бейтааныш адам ага ок чыгарган. Күтүлбөгөн жерден ал сол көкүрөк тушу ысып, ооруп чыкканын сезген. Нес абалда жабырлануучу көкүрөгүн карап агып жаткан канды көргөн. Окуяга күбө болгондор "Тез жардам" кызматын чакырып, айым жакын аралыктагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын көкүрөк бөлүгүн рентгенге тартышканда өпкөсүнө бир аз доо кетип, бирок көкүрөк клеткасындагы органдар жабыр тартпаганын билишкен. Жыйынтыгында хирургдар жабырлануучуга операция жасап, эмчегине салынган эки имплантын алып, окту чыгарып алышкан. Дарыгерлер эгер имплант болбосо, ок көкүрөк тушу менен өтүп, жүрөгүнө тиймек дешкен. Ал эми жабырлануучу толугу менен сакайып, аман-эсен ооруканадан чыгарылган.