Ким Чен Ындын карындашы Түндүк Кореянын жаңы лидери болуп калышы мүмкүн

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон өлкөнүн жаңы лидери болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын аягында Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин пленумунда Ким Чен Ын күтүлбөгөн жерден каза болуп калса, бийлик анын карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүлөт деген чечим кабыл алынган.

Ким Чен Ын 15-апрелде өткөн чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган эскерүү зыйнатына дагы катышкан эмес. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам жасалган операциядан кийин анын ден соолугу начарлап кеткени кабарланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kona8631
2020-04-23 00:58:49
Ушул олкодо вирус жок анткени алар игранарды ары Жака ойногула деген
+11
Aidar.001
2020-04-23 02:14:54
Карындашы бойдок эле го, а Бийликти бойдок адам башкара албайт, Ким Чендерден карындашынын кайын журтуна отот окшойт эми бийлик, эгер турмушка чыкса!
+2
States
2020-04-23 03:20:42
Aidar.001,Ооба кайын журтуна башкартып озу карап турат дейсин. Биринчиден куйоого тийбейт куйоого тийсе да аны саясатка алып келбейт . Бул кыздын артында кенеш берип карап турчу адамды булар давно даярдап коюшкан . Ким Чен Ындын озунун баласы чоноюп бийлике келгиче карандашы башкарат андан кийин баласына откоруп берет . Албетте заман озгорулуп адамдар диктатордук башкаруудан тажап кетишпесе эле
+7
Telibaitentek
2020-04-23 02:40:49
Дүйнөдөгү номер биринчи диктатор ким чен ын
+4
ZUXRIDDIN20
2020-04-23 05:17:51
Демек ХХХХ КИМ Чен Ын ден айрылып калат экенбизда.
+5
ZUXRIDDIN20
2020-04-23 05:18:51
Жаңы президент түндүк Корея элдерини адам катарына кошот экен эми
-3
rysik79
2020-04-23 05:39:40
Диктатор оло элек айланайындар. Жон эле божомол.
+5
PROS
2020-04-23 07:27:41
Эмнеси болсо да Түндүк Корея менен Түштүк Корея биригип алса жакшы болот эле. СССР менен СШАнын айынан бир эл экиге бөлүнүп жашап келатышат.
+6
Barak-9494
2020-04-23 08:30:36
Азыр туркменстандын призленти ким чен ындан да откон диктатор болуп кеткен
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-23 14:47:57
Стерва экени көрүнүп турат
+2
ularbek0691
2020-04-23 16:56:18
Карындашы деле агасынан калышпай тургандайго корунушунон
+1
souza.j
2020-04-23 17:16:44
Тике экен карындаш.
0
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-23 21:26:18
souza.j, суйлошуп корбойсунбу куда тушуп баралы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан