Ташкентте ымыркай патрулдук унаада жарык дүйнөгө келди

Ташкентте патрулдук милициянын унаасында кош бойлуу келин көз жарды. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазышууда.

Ага ылайык, түнкү саат 2де патрулдук милиция кызматкерлери көчөдөн 2 аялдын жүргөнүн көрүшкөн. Аларга барышканда бири кош бойлуу экенин, анын толгоосу башталганын көрүшкөн.

"2 кызматкер аларды унаага салып шашылыш түрдө жакынкы төрөт үйүнө айдашкан. Бирок ага аз калганда келиндин төрөтү башталган. Бактыга жараша органдын 2 кызматкери профессионалдык билимин жогорулатууда биринчи жардам көрсөтүү курстарын да өтүшкөн кызматкерлер болушкан. Алардын жардамында жарык дүйнөгө 3 килограмм 100 грамм салмактагы наристе келген. Эне, бала сак-саламат дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Келин да, кайненеси да органдын кызматкерлерине ыраазы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Saidochka
2020-04-23 10:23:57
Супер!!!
+6
Farra16gsin
2020-04-23 13:51:50
Төрөлгөн бала алаңдап калгандыр энеңди урайын төрөлөөр менен менттерге түшүп калдымбы деп..
+3
momun74
2020-04-23 17:35:18
Толкунданып кеттим...
0
Evroset.Evroset.
2020-04-23 23:38:22
Жакшы жанылык. Киндик аталары орган адамдары экен. Мумкун,наристе келечекте полиция кызматкери болуп калышы мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан