Беларуста фермер аюунун мамалагын багып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, энесин жоготкон мамалак өзү айылга түшүп, Николай Терлецкий аттуу фермердин короосуна келип калган. Аюулар Кызыл китепке киргизилгендиктен фермер дароо эле бийликке маалымат берген. Фермерге бийлик тараптан эки вариант сунушталган: биринчиси "уктатып коюу", экинчиси токойго коё берүү.
Мамалак кичинекей болгондуктан, өзү жашап кете албайт деп мергенчилер эки күн энесин издеп таппай коюшкан. Ошондо Николай мамалакты өлтүрө албасын айтып, фермасында алып калууну чечкен. Мамалакка атайын документ жасатып, атын Василиса деп атап койгон. "Азырынча Василиса агрессивдүү эмес, мышыкка окшоп адамга жабышып, эркелегенди жактырат" дейт ээси. Бирок жырткычтыгын кылып кээде тиштеп, тырмап саларын жашырбайт. Терлецкий мамалакка капас жасап берсе, келечекте анын фермасына туристтерди тартуусу мүмкүн деп пландоодо.