Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын өкмөтүнө келери тууралуу маалыматтарды ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшүп, ал өзгөрүүүлөр тууралуу сунуштарын парламентке тааныштырууну көздөп жатканын айткан.
"Өлкө башчысы Володимир Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу - чоң сыймык" деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
Айта кетсек, Саакашвили буга чейин Одесса облусунун губернатору болгон. Губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы мурунку президент Петро Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Володимир Зеленский келген соң ал кайтып келип, кайра жарандык алган.