Иранда алгачкы аскер спутниги учурулду

Иран орбитага биринчи жолу аскер спутнигин ийгиликтүү учурганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спутнигин чыгарганын жарыялаган Ислам революциясын коргоо корпусу АКШда террордук уюм катары таанылган. Спутник “Касед” эки тепкичтүү ракета коштоочусу менен орбитага чыгарылды. Ал өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү космодромдон коё берилген.

Иран буга чейин космоско бир нече спутник чыгарып жана суборбиталдык сапарга маймылды учуруп кайра жерге кондурууга жетишкен. Бирок Ирандын космостук программалары Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин баллистикалык ракетаны жасоого каршы резолюциясына туура келбейт деп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAYRATBEK
2020-04-23 13:57:41
Бириккен улуттар уюму. Аты эле Бириккен улуттар уюму (БУУ) Заты америкага ким каршы болсо ошолорду эле сындап чектоо койобуз деп коркута берет деген уюм. Америкага бир грамм соз айта албайт. Негизи БУУ дуйнодогу номер биринчи калыс уюм болуш керек эле. Ошол учун Бириккен улуттар уюмун эч ким тоготпойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан